Даниел Ажиев 9 жылга эркиндигинен ажыратылды
Вебкам студияларын уюштурууга шектелип кармалган Даниел Ажиев 9 жылга эркиндигинен ажыратылганын бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Ага карата сот өкүмү 31-июлда чыккан. Ага ылайык, Ажиев Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүмү (Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу), 161-берене (Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу), 261-берененин 1-бөлүмү (Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай топту жетектөө) жана 215-беренесинин 3-бөлүмү (Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, ири мүлктүк зыян келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылган.
Ал 2 жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды жана жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн 9 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, 220 миң сом айып салынды.
Эске салсак, УКМК былтыр 5-июнда Даниел Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.