Нарында атасын өлтүрүп, ажатканага салып жиберген баласы кармалды
Нарында ажаткананын чуңкуруна чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Табылган жансыз дене тууралуу милицияга маалымат 6-январь күнү кечинде түшкөн.
Каза болгон адам Нарын шаарынын 1970-жылы туулган тургуну С.А. Ал 11-ноябрь күнү түштөн кийин үйүнөн чыгып кетип, кайтып келбегендиктен издөөдөгө алынганы айтылат. Анын жансыз денеси табылгандан кийин милиция "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козгоп, анын 1997-жылы туулган уулу кармалган.
Ал атасы менен көп ичкендиктен уруша кетишкенин айтып берген. Чыр-чатакта ал атасын түртүп жиберип, ал башы менен цементке тийип, эсин жоготкон. Шектүү атасын өлдү деп ойлоп, башына желим баштык кийгизип, сөөктү ажаткананын чуңкуруна алып барып, ошол жерге чөктүрүп жибергенин мойнуна алды деп билдирет милиция.