Ливан: Израилдин аба соккуларынан кеминде 492 киши набыт болду
Ливан: Израилдин аба соккуларынан кеминде 492 киши набыт болду
Reutersтин маалыматы боюнча, Израилдин аскерлери дүйшөмбү күнү, 23-сентябрда Ливандагы Хезболланын объектилерине абадан сокку урду. Ливан бийликтери билдиргендей, бул соккудан 492 киши набыт болуп, он миңдеген киши коопсуз жерлерге качкан.
Буга кошумча, Израил Ливандын тынч калкын аскерлер курал сактаган деп эсептеген аймактардан чыгып кетүүнү эскертти.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ливан элине кыскача видео кайрылуу жөнөттү.
Анда "Израильдин согушу силер менен эмес, Хизболла менен жүрүп жатат. Өтө көп убакыттан бери Хезболла силерди тирүү калкан катары колдонуп жатат", - деп айтылат. Бул тууралуу Reuters маалымдады.