Дүйнөдө биринчи портативдик кургак душ чыкты
Дүйнөдө биринчи портативдик кургак душ чыкты
Yoomiily дүйнөдөгү биринчи чакан, мобилдик душ жана кургатуу системасы катары чыкты. Гаджет кыймылы чектелүү адамдар үчүн ылайыктуу болуп, ваннага кирбестен чачты жууганга мүмкүнчүлүк берет. Ал операциядан кийин адамдарга да пайдалуу болуп, жарааттардын сууланбай калышына жардам берет.
Гаджеттин салмагы 4 кг жана кичине чаң соргучту элестетет. Түтүк буу чыгарып, нымды кайра тез арада соруп, терини жана чачты дээрлик кургак калтырат. Соруу системасынын аркасында Yoomiily кадимки душка салыштырмалуу сууну 90% үнөмдөп, колдонулган жана таза сууну өзүнчө сактоого мүмкүндүк берет.
Yoomiily бир саат үзгүлтүксүз колдонууну камсыз кылуучу батарея менен иштейт. Толук процедура бир нече мүнөткө созулат, ал эми чачты бир мүнөттө жууса болот.
Октябрда алгачкы сатуулар күтүлүүдө. Бир нече тиркемелери бар негизги система кардарларга 249 АКШ долларын түзөт. Гаджет эки жылдык кепилдикти сунуштайт.