Кыргызстандык балбан Лазарев биринчи беттешинде жеңилди

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айаал Лазарев биринчи беттешинде жеңилип калды. Ал эркин күрөш боюнча турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

1/8 финалдык беттеште Лазарев Азиянын жана Азия оюндарынын учурдагы чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келип, ага 0:5 эсебинде жеңилип калды.

Ирандын балбаны финалга чыкса, Лазарев 10-августта коло медаль үчүн мелдешке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

16:33, 09-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар