Японияда аэропортто айдоочусуз унаалар пайда боло баштады
Японияда аэропортто айдоочусуз унаалар пайда боло баштады
Жапон фирмалары Токионун Ханеда аэропортунда жергиликтүү жана эл аралык саякатчылар үчүн транспорттук түйүнгө жана ага жакын жайгашкан аймакка айдоочусуз унааларды киргизүү аракетин күчөтүүдө. Бул маалыматты Kyodonews япон агенттиги жазды.
Аэропорттун жанындагы коммерциялык жана ишкердик комплекси болгон Haneda Innovation City шаарында айдоочусуз унаалар адамдарды имараттын ичинде бекер ташышат.
11 жүргүнчү ташыган унаалар 800 метрлик каттамда максималдуу ылдамдыгы саатына 12 чакырымды түзөт.
Ошондой эле өткөн айда All Nippon Airways Co. жана Toyota Industries Corp. сүйрөөчү унааны сынап көрүштү, ал аэропорттун чектелген аймагында жүргүзүлгөн. Коопсуздукту жана иштөө мүмкүнчүлүгүн текшергенден кийин, компаниялар аны 2025-жылы колдонууну пландаштырууда.