Тик учак менен Көлдүн жээгине ким барды? Министрликтин жообу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлгө тик учак менен ким учуп барганы тууралуу маалымат берди. Буга чейин социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Париж” эс алуу борборуна конгону тартылган видео тараган.
Министрликтин маалыматына караганда, 25-июль күнү Airbus-145 тик учагы менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор ижарага алып учушкан. Учуу убактысы 5 саат 20 мүнөттү түзгөн.
17-июль күнү түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн.