Садыр Жапаров Парижге барды
Президент Садыр Жапаров 25-июлда Олимпиада оюндарынын расмий ачылышына катышуу үчүн Парижге барды.
Мамлекет башчынын борту «Ле Бурже» эл аралык аэропортуна конду.
Бул сапардын алкагында президент «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине да катышат.
Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат. Олимпиадалык оюндар 11-августта аяктайт.