Кыргызстандын Өзбекстандын президенттери эки заводдун ишине старт берди

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Чүй облусундагы эки заводду ишке киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аймакта соода жабдууларын, жеңил автоунааларды, ошондой эле кездеме жана тигүүчүлүк-трикотаж буюмдарын чыгаруучу ишканалар ачылды.

Мындан тышкары, Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарында (ар биринин кубаттуулугу 200 мегаватт) эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды. Келечекте бул станциялар Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыздайт.

Бүгүн президенттер тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрүштү. Анын жыйынтыгында эки тараптуу 12 документке, атап айтканда стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

12:09, 19-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар