Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы аскер бөлүгүнө барды
Президент С. Жапаров Каракол шаарындагы аскер бөлүгүнө барды
Бул маалыматты президенттик аппарат Facebook баракчасына жарыялады.
С. Жапаров бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Каракол шаарында жайгашкан «Байсары уулу Кыдыр аке» атындагы аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Президенттин тапшырмасы менен бул базада капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.