Баткенде 22 жаштагы аялын көчөдө муунтуп өлтүргөн адам кармалды
Баткенде 22 жаштагы аялын көчөдө муунтуп өлтүргөн адам кармалды
Милициянын маалыматына караганда окуя 2-январь күнү Кадамжай районунун Ирелеш айылында болгон. Келин дагы кармалган жолдошу дагы дүлөй болгону айтылат. Алар эки кыздуу болучу.
Каза болгон келиндин жакындарынын айтымында, күйөөсү аны көп урчу. Адам өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.