Мамлекеттик ипотекалык компанияга жетекчи дайындалды
Темиркул Балтабаев «Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Мындай чечим компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 18-июнда кабыл алынганы белгилүү болду.
Буга чейин Темиркул Балтабаев «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасын жетектеген.
18-июнда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.