Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 16 чет өлкөлүк кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте 3-июндан 9-июнга чейин өлкөдөгү мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган республикалык масштабдагы рейд жүргүзүп жатат.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, “Нелегал 2024” операциясынын алкагында, 3-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен, ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 16 чет өлкөлүк жаран аныкталды.
Чет өлкөлүк тартип бузуучулар Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, (анын ичинде аларды КРга чакырган адамдар жана уюмдарга карата) өткөрүлүп берилди.
Ыйгарым укуктуу органдар мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.