Кыргызстанда 1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт

Кыргызстанда 1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Бишкек газ", "Чүй газ", "Ош газ" жана "Жалал-Абад газ" кызматтары эки же андан көп айга төлөм карызы топтолгон абоненттердин газын өчүрөт.

Газ менен камсыздоо системасына кайра кошулуу үчүн абонент төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:

карызды толугу менен төлөө. Муну каалаган жол менен, анын ичинде MEGAPAY, O!Money, Balance.kg электрондук капчыктары аркылуу жасоого болот;

карызды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө жана кошулуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мекемелерге арыз жазууга;

калкты тейлөө кеңселеринен газды кошуу акысын төлөө.

"Карызы барлар бардык шарттарды аткаргандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жаратылыш газы берилет", — деди компания.

Айдын биринчи күнүнө карата карыздын/баланстын суммасы жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан алса болот:

жардам кызматы 4444 (уюлдук телефондон чалуулар акысыз);

www.gazprom.kg сайты.

18:20, 30-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар