"Таранчы" каймана аты менен белгилүү болгон кылмышттуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарындагы аэропортто кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Н.Н.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Н.Н.К. кримчөйрөсүнө Таранчы каймана аты менен белгилүү.

"Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларын коркутуп, салык салып жүргөн. Ага карата опузалоо фактысы боюнча иш козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсүнөн буга чейин жапа чеккен адамдар болсо кайрылууну өтүндү.

10:32, 01-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар