Кара-Сууда 2006-жылы туулган кыз 10 жаштагы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2006-жылы туулган кыз 10 жаштагы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул маалыматты облустук милициядан ырасташты.

Маалыматка караганда, окуя 25-мартта Кызыл-Кыштак айыл аймагында болгон. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 10 жаштагы баланы 2006-жылы туулган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү катары маркумдун эжеси кармалган. Анын бөгөт чарасы сот тарабынан каралат.

15:07, 26-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар