Мелис Аспеков жети жылга соттолду

Активист Мелис Аспеков 7 жылга соттолду. Бул тууралуу 4-мартта анын Фейсбуктагы баракчасына уулу Аалы Аспеков жазып чыкты.

Ал атасы сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, күнөөсүн толугу менен четке какканын, күбөлөр да аны кубаттаганын кошумчалаган.

Ал эми, Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалыматты ырастап, чечим 28-февралда чыкканын билдирди. Сот чечимине ылайык, Аспековго күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында жаза өтөйт.

Активист Мелис Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты. 

Эскерте кетсек, активист 2021-жылы январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган.

10:14, 05-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар