Бишкекте көк бөрү боюнча республикалык турнир башталды

Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдеши старт алды. Оюндар төрт лигага бөлүнүп өткөрүлөт.

Алар:

— Жогорку лига (6 команда);

— Биринчи лига (12 команда);

— Экинчи лига (16 команда);

— Легендалар лигасы (6 команда).

Турнирдин алгачкы күнү экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүшүүдө. 15-марттан тарта Легендалар (ардагерлер) жана Биринчи лиганын оюндары башталат. Ал эми 16-марттан баштап Жогорку лига катарга кошулмакчы. Салтанаттуу ачылыш аземи 15-март, ал эми финалдык оюндар 21-март күнү өтөт.

10:18, 13-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар