Бишкекте №51 жана №9 автобустардын каттамы өзгөрдү

Бишкек шаарында №51 жана №9 автобустардын каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

№51 автобус каттамы эми "Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Беш-Күнгөй айылына чейинки багыт боюнча жүрөт. Мурда бул каттам айланма жол менен жүрсө, эми автобустар Мыктыбек уулу Сарыбагыш, Карагул Ата, 7-Апрель, Курманжан-Датка жана Алма-Ата көчөлөрү аркылуу каттайт.

№9 автобус каттамы да жарым-жартылай өзгөртүлүп, эми автобустар Байтик Баатыр көчөсүнүн ордуна А. Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

11:18, 09-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар