Лейлекте соода борбордон чоң өрт чыкты

Лейлек районунун Кулунду айылында “Ак сарай” соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 3 кабаттуу соода борборунан чыккан өрт түнкү саат 21.10да чыгып, ал 3 сааттан кийин толук өчүрүлдү.

Соода борбордун  болжол менен 400 чарчы метри күйдү.

10:34, 26-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар