Жашы жете элек балдар Хонда Фит унаасын уурдап, 40 миң сомго сатып жиберишкен
Жашы жете элек балдар Хонда Фит унаасын уурдап, 40 миң сомго сатып жиберишкен
Алар унаа оңдоочу жайдын жанында токтоп турган унааны айдап, качып кетишкенин милиция билдирди. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Алар 2007-жылы туулган И.А. жана 2006-жылы туулган Б.Р. (мурда ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон) болуп чыкты. Алар унааны Жалал-Абад облусуна алып барып, сатып жиберишкен.
Кармалган өспүрүмдөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурдалган унаанын дарегин тактоо жана мыйзамдуу ээсине кайтаруу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.