Чет элдиктин 1 млн. долларын карактап кетти делген 10 киши кармалды

Бишкекте чет элдик жарандын 1 миллион долларга жакын акчасын алып кетти деп шектелген 10 киши кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Маалыматка караганда, 17-ноябрда төрт адам имаратка кирип, жабырлануучуну тапанчага окшош буюм менен коркутуп, күч колдонгон. Алар 988,5 миң доллар, 200 миң сом, телефондор жана паспорт салынган сумкаларды тартып алышкан.

Үч шектүү Бишкектен, дагы жетөө коңшу өлкөдөн кармалган. "Коопсуз өлкө" долбоорунун камералары аркылуу алар колдонгон унаалар жана окуядан кийинки аракеттери аныкталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Новопокровкадагы үйдөн 300 миң, коңшу өлкөдө кармалган шектүүнүн унаасынан 100 миң, Чүй районунда контейнердин астынан 410 миң доллар табылган. Жалпысынан 810 миң доллар алынганы айтылды.

13:34, 25-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар