№1 тергөө абагы Бишкектин борборунан Төмөнкү Норус айылына көчүрүлдү
Бишкектин борборундагы №1 тергөө абагы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Норус айылына көчүрүлдү.
Жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзгөн жаңы абак 1 500 айыпталуучуга ылайыкталган. Комплекстин ичинде көчмө сот отурумдарын өткөрүү үчүн төрт зал, судьялар үчүн кеңешүүчү бөлмө, ошондой эле адвокаттар менен прокурорлорго өзүнчө кабинеттер каралган.
Курулуп жаткан объектилерде, дирекциясынын башчысы Арзымат Рахым уулунун айтымында, долбоорлоо иштери 2023-жылы, ал эми курулуш 2024-жылы башталган. Мекеменин кызматкерлери үчүн 48 батирлүү эки турак жай корпусу, спорт зал, спорт аянтчасы жана унаа токтотуучу жай да салынган.
Жаңы комплекс Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы №50 мекемесинин аймагында тургузулду. Ал баш калаанын Кулатов көчөсүндө жайгашкан эски тергөө абагын алмаштырат.