Үч жылда эл аралык издөөдө жүргөн 184 кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалды
2023-жылдан бери Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттерде кармалды. Алардын ичинен 132си экстрадициялоо жана депортациялоо жолу менен Кыргызстанга кайтарылганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар Таиланд, Вьетнам, Испания, Италия, АКШ, Түркия, Грузия, Франция, Египет, Швеция, Бириккен Араб Эмирликтери, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө кармалган.
Ошондой эле чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Кыргызстандан эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет элдик колго түшүрүлгөн. Алардын 42си издөө демилгесин көтөргөн өлкөлөргө өткөрүп берилген.
ИИМ оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамдарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Кармалгандардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, адам өлтүрүүгө, алдамчылыкка жана баңгизат аткезчилигине шектелгендер бар.