Чүйдө ишкерден 100 миң доллар талап кылган деген шек менен эки адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунда ишкерлерден 100 миң доллар опузалап талап кылган деген шек менен эки адам (1989-жылы туулган Ж.У.К. жана 1969-жылы туулган К.Т.М.) кармалганын кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, “Багбанчылык” коомунун төрагасы (Ж.У.К.) шериги менен чогуу (К.Т.М.) облустун аймагында кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерге тоскоолдук жаратып, 100 миң доллар талап кылган.

Атайын кызмат тараткан видеодо үч адам бир бөлмөдө отурганы, алардын бири ишкер деп көрсөтүлгөн кишиден каражат талап кылып, аны бербесе “суу, электр жарыгын өчүрүп, жолду жабарын” айтканын көрүүгө болот. Видео кайсыл жерде, кандай жагдайда тартылганы белгисиз.

17-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр талап кылынган акчанын 30 миң долларын алып жаткан учурда кармалган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

 

11:27, 20-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар