Кыргызстан Түркмөнстандан мунай заттарды импорттоону көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстан Түркмөнстандан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.

Ал мунай продуктуларын жеткирүү боюнча мамлекеттик компаниялардын ортосунда келишим түзүүнү сунуштады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, январь–август айларында Кыргызстан Түркмөнстандан 1,2 миллион литр бензин импорттогон. Бул жалпы импорттун 0,3 пайызын түзөт.

Ошондой эле жыйында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын өнүктүрүү, энергетика, транспорт жана логистика тармактарындагы кызматташтык талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстан Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун жүк ташууда кеңири пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди. Ал аркылуу Каспий деңизинин жээгиндеги өлкөлөргө жана Европага жүк жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Акунбековдун айтымында, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулгандан кийин Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан аркылуу Европага жүк ташуучу жаңы каттамды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Түркмөн тарап кыргызстандык жүк ташуучуларга Түркмөнбашы портун пайдаланууда тиешелүү шарттарды жана жеңилдиктерди берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле тараптар айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү, илим, туризм жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдары эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,8 эсеге өскөн.

Жыйындын соңунда өкмөттөр аралык комиссиянын протоколуна жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" менен "Түркмөнэнергонун" ортосундагы кызматташтык тууралуу документке кол коюлду.

 

11:22, 20-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар