Бишкекте Кытай жарандарына кол салынып, 1 миллион доллар тонолду
Бишкекте белгисиз адамдар Кытайдын жарандарын тоноп, 1 миллион долларын алып качышкан.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, окуя кечээ саат 16:00 чамасында Лев Толстой көчөсүндө болгон.
Кылмышка шектүүлөр окуядан кийин коңшу мамлекеттин аймагына качып кетишкен. Бирок көп өтпөй кармалышкан.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.