Бишкектеги тыгындан кутулуу үчүн борборду көчүрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев борбор шаарды башка жакка көчүрүүнү сунуштады.

Мунун максаты — Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу.

Сыдыгалиев Бишкек шаардык бийлигине Ош шаарынын тажрыйбасына таянып, автоунаа кыймылы жыш болгон кесилиштерге жол өтмөктөрүн (эстакадаларды) курууну сунуштады.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев учурда "Молодая Гвардия" проспектиси менен Л. Толстой көчөсүнүн кесилишинде ушундай өтмөктөрдүн бири курулуп жатканын билдирди. Ошондой эле, келерки жылы Түштүк магистралда да жол өтмөгүн куруу пландалууда.

Ошол эле учурда, Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы көпүрөлөрдүн курулушу тиешелүү документтери жок эле башталганын моюнга алды. Учурда документтерди даярдоо иштери жүрүп, курулуштун чыгымдары эсептелип жатат.

Арча медиа
09:14, 19-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар