Кыргызстанда орточо айлык акы 55,5 миң сомду түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бул — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4 пайызга көп көрсөткүч. Айлык акынын өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө, ошондой эле билим берүү тармактарында көбүрөөк байкалган.
Белгилей кетсек, бул көрсөткүч тогуз айдагы орточо айлык акы болуп саналат.