УКМК: 700 млн. сом салыктан качкан схема аныкталып, шектүү камалды
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоодо салык төлөөдөн качууга багытталган кылмыштуу схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка караганда, кыргызстандык П.П.А. аттуу жаран ата мекендик экспорттоочулар үчүн башка адамдарга катталган ЖЧКлар аркылуу жалган коштомо документтерди даярдап келген. Ошондой эле ал фирмалардын ээлеринин жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү товар кабыл алуучу уюмдардын өкүлдөрүнүн кол тамгаларын жасалмалаган.
Алдын ала эсеп боюнча, бул жасалма ЖЧКлардын мамлекетке төлөнбөй калган жалпы салык карызы 700 миллион сомдон ашат.
Мындан тышкары, кылмыштуу схеманы ишке ашыруу үчүн компаниялар атайын оор дартка чалдыккан жарандардын атына катталып турганы белгилүү болду. Ал адамдар каза болгондон кийин салык карыздары эсептен чыгарылып же узакка созулган соттук териштирүүлөргө калып келген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү П.П.А. кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери уланууда.