«Асанбай» кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт

«Асанбай» кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Буга жылуулук тармагындагы бузулуу себеп болду. «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, адистер бузулган жерди аныкташтап, оңдоо иштерин бүгүн аяктоону пландап жатышат.

Төмөнкү даректерде жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт:

🔹 «Асанбай» кичи району: № 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 21, 23/2, 22, 23, 29, 28, 25 жана 27-үйлөр;

🔹 Токомбаев көчөсү: № 53/1г, 53/3 жана 53/1б-үйлөр.

Арча медиа
12:06, 13-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар