Курулушту кечеңдеткен компаниялар эми жаңы үй сала алышпайт

Курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөн компаниялар эми жаңы объектилерди салууга уруксат ала албайт. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев аталган тармактагы компаниялардын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында билдирди. Министр өз убагында бүткөрүлбөй жаткан объектилер боюнча маселени көтөрүп, мындай компанияларга жаңысын баштоого тыюу салуу туурасында тапшырма берди.

"Ар бир объект көзөмөлдө болот. Иш создугуп, эл арызданган компаниялар салып жаткан үйлөрдү бүтүрмөйүнчө жаңысын баштабайсыңар!" — деди Орунтаев.

Белгилей кетсек, буга чейин курулбай жатып көп кабат үйлөрдөн батир жана коммерциялык жайларды сатууга тыюу салынган.

 

11:32, 05-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар