Жапаров энергетикалык суусундукту өндүрүү, өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин карап чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, анын кесепеттери тууралуу кыйла кайрылуулар болгонун белгилеген.

Президенттин жазганына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.

"Ушул суусундуктун айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен андан да алда канча көп каражат коротууга мажбур болуп жатабыз. Медициналык чыгымдар эселеп өсүп жатат. Дарттын кесепеттери менен күрөшпөй, аны алдын алуу чараларын ойлонуп, ар тараптуу ыкчам кадамдарга барууга мезгил жетти деп ойлойм", - деген Жапаров.

Мамлекет башчы Литва, Латвия сыяктуу өлкөлөрүндө энергетикалык суусундуктар кадимки дүкөндөрдө эркин сатууга чектөө коюлганын, Польша 2024-жылдан баштап 18 жашка чейинкилерге сатууну мыйзам аркылуу токтотулганын, Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга толук тыюу салынганын мисал келтирди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, республикалык бюджет түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 миллиард сомдук кирешеден кол жууйт.

Энергетикалык суусундуктарга чектөө киргизүү боюнча маселе буга чейин парламентте дагы көтөрүлгөн. Октябрдын башында Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктардын сатылышын жана алардын жашы жете элек балдарга жеткиликтүүлүгүн комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага чейин курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүгө акциздик салык салынган.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.

Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.

11:30, 05-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар