Милициянын "Мыйзамбек" аттуу виртуалдык жардамчысы ишке кирди
Ички иштер министрлиги элдин кайрылууларын кабыл алып, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат алуу үчүн "Мыйзамбек" аттуу виртуалдык жардамчыны ишке киргизди. Учурда ал тесттик режимде Telegram мессенджери аркылуу иштеп жатат. Жарандар "Мыйзамбекке" экономикалык кылмыштар, коррупция, пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат бере алышат. Ошондой эле шектүү жагдайлар боюнча кайрылып, кеңеш алууга да мүмкүн болот.
ИИМдин маалыматына ылайык, түшкөн кайрылуулар мазмунуна жараша Кылмыш иликтөө башкармалыгына же Ички иликтөө кызматына жөнөтүлүп, тиешелүү тартипте каралат.
Министрлик виртуалдык жардамчыга кайрылган жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин белгиледи.