Чуңкурчактагы "Супарада" чыккан өрттөн үч адам жабыркады

Чүйдөгү Чуңкурчак капчыгайында жайгашкан "Супара" этнокомплексинде чыккан өрттөн үч кызматкер иске ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын экөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылып, бирөө ооруканага жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт түнкү саат 01:10до чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен этнокомплекстин ашканасынын 350-400 чарчы метр аянты, бир чоң жана ага жакын жайгашкан эки чакан боз үй күйгөн. Милиция жыгачтан жасалган бир боз үй өрттөнгөнүн маалымдады.

Ошондой эле ашканада адатта 15ке жакын адам иштей турганы, бирок өрт чыккан учурда ал жерде эч ким болбогону айтылды.

Тилсиз жоо болжол менен 1 500 чарчы метр аянтка жайылган.

08:23, 05-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар