Жапаров “Газпром” милдеттерин аткарбаса Кумтөрдөй кылып "алып коёрун" эскерткенин айтты

Президент Садыр Жапаров “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коём” деп эскерткенин билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 3-ноябрда Талас облусунда Манас районунун Семетей айлынын тургуну Курманбек Дакеевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Жергиликтүү тургун президентке кайрылып, алар чек арага жакын аймакта жашарын жана айылга газ түтүгүн тартып берүү маселесин көтөрдү.

“Биз өзүбүздүн газ системабызга өзүбүз кожоюн эмеспиз. “Газпром” кожоюн. Муну 2039-жылга чейин деп болсо керек 1 долларга сатып жибергенбиз. “Бизге “Кыргызгаздын” кереги жок. Бизге газ керек” деп сатып жибергенбиз. Ошондуктан биз газды өзүбүздү өзүбүз билип киргизе албайбыз. Кыргызстанда газга байланыштуу иштерди “Газпром” менен гана макулдашып кылабыз. Бирок “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алып жатканда “бүтүндөй республиканы газдаштырууга акча бөлөт” деген бөлүмү бар экен. Бирок аны аткара элек. Мен бул боюнча “Газпромго” үч жылдан бери маселе көтөрүп келатам. Эгерде аткарбасаңар Кумтөрдөй кылып алып коём да өзүм жасайм деп. Газ өзүбүзгө өтмөйүнчө сөз бере албайм”, - деди президент.

“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” ишканасы 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” компаниясы деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин чет жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.

 

11:26, 04-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар