Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетет
Президент Садыр Жапаров Нарындагы Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 3-ноябрда Талас облусунда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Ал 2031-2032-жылдары Кумтөр алтын кениндеги карьерди иштетүү аяктап, андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталарын кошумчалады.
“Жетим-Тоого инвестор издеп чогуу иштетебиз деген үмүтүбүз бар эле. Бирок “Кыргызалтын” ишканасы менен сүйлөшүп 100% өзүбүз иштетебиз деп атабыз. 2031-2032-жылдары Кумтөрдө борбордук карьерди иштетүү бүтөт. Ошондо ал жерден жүздөгөн чоң техника бошойт. Аларды Жетим-Тоого которуп, калган акчасын каржылап 100% өзүбүз иштетебиз деп атабыз. Ал жактан да миллиарддаган доллар пайда алсак болот”, - деди президент.
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири болуп саналат. 1956-жылы аныкталган кендин узундугу 40 чакырымга чейин созулуп жаткан тоо кыркаларынан жана Данги, Туюк-Суу, Айран-Суу, Молдобашы, Телеке жана Күрмөнтү деген тилкелерден турат.
Алгачкы жолу 1960-1980-жылдары союз геологдору, кийин 2008-2009-жылдары кытай адистери изилдеген кендин кору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу так маалымат жок. Ар кандай божомолдор боюнча анда 3,5 млрд тоннадан 10 млрд тоннага чейин темир рудасы бар.