Министрлик пенсия курагындагы мугалимдер иштен жапырт алынбай турганын билдирди
Агартуу министрлиги Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы жогорулатылгандан кийин билим берүү уюмдарына жумушка орношууга кызыккандар, анын ичинде жаш адистердин саны көбөйүп жатканын билдирди. Буга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик дараметин колдонуу жол-жоболорун караштырып жатканын кабарлады.
Министрлик пенсия курагындагы мугалимдер жапырт жумуштан бошотулбай турганын, алардын кесиптик тажрыйбасын натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү изилденип жатканын кошумчалады.
“Анын ичинде насаатчылык кылуу, жаш мугалимдерге усулдук жактан колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент жана консультант катары иштөө, ошондой эле башка билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар”, - деп айтылат маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдөгү билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим иштейт. Агартуу министрлиги педагогикалык кызматкерлерди жаш курагына карап басмырлоо саясаты жүргүзбөй турганын, бардык чечимдер Конституциянын, эмгек мыйзамдарынын чегинде кабыл алынарын билдирди.