Соцтармакта унаа, батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилиги киргизилиши мүмкүн
Соцтармакта унаа, батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилиги киргизилиши мүмкүн
Социалдык тармактар аркылуу уруксатсыз унаа жана батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Финкөзөмөл кызматынын башчысы Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда мындай аракеттер үчүн административдик жаза каралган. Эми жазаны күчөтүп, мыйзам бузгандардын мүлкүн конфискациялоо чарасын киргизүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды. Аны ноябрь же декабрь айынын аягына чейин кабыл алуу күтүлүүдө.Маматов белгилегендей, бир нече аккаунтка катталганы үчүн унаа же башка баалуу белектерди утуп алууну убадалаган гив-оюндары да мыйзамсыз деп эсептелет.
Мыйзам боюнча лотереяларды мамлекеттик органдар, Мамлекеттик лотерея компаниясы жана Финкөзөмөлдүн уруксатын алган ишкерлер гана өткөрө алышат.