Сыймык Жапыкеев: "Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз жазам"

"Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз жазам” – Жапыкеев тесттен өттү

"Кыргызтестке” кайрадан тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев сынактан өттү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. Жана Би-Би-Сиге комментарий берген. 

“Азыр “Кыргызтесттин” сайтына код менен кирип, жыйынтыкты алдым. Экинчи жолу чындыгында жакшы даярданып баргам. “Эл биримдиги” деген темада дил баян жаздым. 63 балл алдым. Эми дүйшөмбү оор күн да, экинчи күнү БШКга барып президенттикке талапкер болуу үчүн арыз жазам. Төгө турган акчам даяр, банкта турат”, -деди Жапыкеев. 

Буга чейин, Сыймык Жапыкеев жана мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев 8-октябрда сынак тапшырып, тесттин жазуу бөлүгүнөн өтпөй калган.

Арча медиа
13:34, 26-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар