Президент Жапаров “Мадинадагы” соодагерлерди үч айга ижара акысынан бошотууну тапшырды
Президент Садыр Жапаров жаңы “Мадина” базарындагы соодагерлерди үч айга ижара акысынан бошотууну тапшырганын билдирди. Ал 20-октябрда базарга барып, соода шарттарына тынчсызданган жана орундарын жоготуп алуудан корккон ишкерлер менен жолугушту.
Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, ишкерлер жолугушууда ижара акысын төмөндөтүүнү өтүнүшкөн. Буга чейин алар көйгөйлөрүн айтып, социалдык тармактар аркылуу кайрылышкан.
Социалдык тармактарга тараган видеодо Жапаров алгачкы үч айда соодагерлерден акча чогултпоону, андан кийин жарым жыл же бир жыл бою эң төмөнкү акы алууну айтканын угууга болот.
Расмий билдирүүдө жаңы базарды курган ишкер долбоорду аягына чыгара албай, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергени белгиленет. Анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин бөлүп-бөлүп кайтарылмакчы. Ишкердин аты-жөнү жана кайтарылчу каражаттын көлөмү көрсөтүлгөн эмес.
Андан соң президент август айынын аягында өрт чыккан эски “Мадина” базарына барды. Ал жерде да соодагерлер менен баарлашты.
Базардын администрациясы соодагерлердин 90% жакыны жаңы жайга көчкөнүн маалымдады. Жапаров базарды ноябрдын башына чейин толук ишке даярдоону тапшырды.