Түндө Сыймык Жапыкеевди милиция кармап кеткен. ШИИБдин түшүндүрмөсү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев түн ичинде үйүнөн тартип сакчылар алып кеткенин айтып чыкты.

Ал милиция бөлүмүндө сегиз саат болгонун, бул убакыт аралыгында ага эч кандай түшүндүрмө беришпегенин белгилеген.

"Мени үйүмдөн ыкчам топ милиция бөлүмүнө үйдөгү тапичкем менен алып кетти. Бүгүн кыргыз тилинен тест тапшырышым керек болчу. Ушундай кылса болобу?" — деди ал.

Ал эми Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, түн ичинде Жаманкулов көчөсүндөгү батирлердин биринде тынчтыкты бузуу фактысы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Арыздануучу кошуналары ал ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчтыгын бузуп жатканын билдиришкен.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, мас абалында болгон Жапыкеев алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөнү айтылды. Андан соң ал бөлүмгө жеткирилген.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

09:47, 19-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар