Кыргызстанда мугалимдерге 47 миң ноутбук берилди

 

 

‼️Кыргызстанда мугалимдерге 47 миң ноутбук берилди

 

✔️Кыргызстанда мугалимдерге 47 миң ноутбук берилди. 2027-жылы акция улантылат. Бул тууралуу Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча парламенттик комитеттин жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2027-жылдын бюджетинде өлкө педагогдоруна ноутбук сатып алууга 728,8 миллион сом каралган.

Депутат Токтобүбү Ашымбаева мектептер интерактивдүү панелдер жана мугалимдер үчүн ноутбуктар менен кантип камсыз кылынарын тактоону суранды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эмки жылдын бюджетине интерактивдүү панелдерге 536,9 миллион сом жана лабораториялык жабдууларга 954,5 миллион сом киргизилген.

Жакын арада мугалимдер дагы 16 миң ноутбук алышат.

Арча медиа
15:10, 13-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар