Токмокто 73 жаштагы бир аял өлүмүнө шектүү кармалды
Токмокто 73 жаштагы бир аял өлүмүнө шектүү кармалды
Токмок шаарында аял кишини өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2026-жылдын 25-сентябрында, саат 18:10дор чамасында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Маркому С.И.нин (1953-жылы туулган) денесинен зомбулук менен өлтүрүлгөндүгүнүн белгилери аныкталган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган И.А. кармалды. Ал 11-октябрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.