Садыр Жапаров Ошто чек арачылар менен түшкү тамактануу өткөрдү

 

 

Садыр Жапаров Ошто чек арачылар менен түшкү тамактануу өткөрдү

Садыр Жапаров Ош шаарында Чек ара кызматынын бөлүмчөсү үчүн жаңыланган аскердик комплексти ачты.

Комплекстин курамына машыгуу залы, чек арачылардын тарыхына арналган музей, спорттук аянтча, жатакана жана коменданттык рота кирет.

Ашканада президентке жумалык тамактануу менюсу көрсөтүлдү. Ошондой эле Жапаров аскер кызматкерлерин сыйлоо үчүн 30 миллион сом бөлдү.

Арча медиа
11:04, 13-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар