Ормуз кысыгында 750 миң баррель мунай жүктөлгөн танкер минага жарылды

Кемеге 750 миң баррель мунай жүктөлгөн. Жарылуудан кийин кыймылдаткыч бөлүгүндө өрт чыккан. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) танкер өзүнүн навигациялык системаларын өчүрүп салганын белгилейт.

"Жума күнү Иран Ормуз кысыгында кеме кыймылына тыюу салынган аймакты белгилеп, андан өтүү үчүн уруксат алуу керектигин эскерткен. Бул акыркы күндөрү минага кабылган үчүнчү танкер болуп калды", — деп айтылат маалыматта.

 

10:31, 12-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар