Нурлан Сулаймановго "коррупция" боюнча айып тагылганы белгилүү болду
Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
5-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Нурлан Сулаймановду камакка алуу өтүнүчүн берип, судья аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-декабрга чейин камакка алган. ИИМ козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.
Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлган.
Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы ал издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.
2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде ал кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.