“Учкун” басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алынды
"Учкун” басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алынды
Президенттин иш башкармалылыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев дайындалды. Маалыматты “Учкун” ишканасы Азаттыкка ырастады.
15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып чыгышкан.
16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айтып чыккан. Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген.