Депутат Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруу талап кылынууда
Депутат Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруу талап кылынууда
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын жокко чыгарууну талап кылган петицияга болжол менен 5 миң кол топтолду.
Буга депутаттын педофилерге пробациялык көзөмөлдү колдонууну карап көрүү сунушу түрткү болду.
Депутаттын сунушу Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу болгон.
Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңешке №15 көп мандаттуу шайлоо округунан 3988 добуш менен шайланып келген.