Азия оюндары: Шаршенбеков алтын, Махмудов коло медаль утушту

Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейинки салмак) алтын медаль утту. Ал 1-октябрда финалда килемге чыгып, өзбекстандык балбан Алишер Ганиевди 7:5 эсебинде утту.

Бул Азия оюндарындагы кыргызстандык спортчулар алган алгачкы алтын.

Шаршенбеков буга чейин кореялык Ким Дахюнду 9:0, түркмөнстандык Азатжан Ачиловду (8:0), жарым финалда ирактык балбан Сажад Али Мукаср Альбидханды (8:0) утту.

Ушул эле күнү Акжол Махмудов (77 кг чейин) кытайлык балбан менен килемге чыгып, 9:0 эсебинде жеңди.

Алгачкы беттешинде Махмудов атаандашына утулуп калган. Ал азыркы Олимпиада чемпиону, жапониялык балбан Нао Кусака менен килемге чыккан. 0:1 эсебинде жапониялык балбан утушка ээ болгон. Кусака эки атаандашын жеңгенден кийин Махмудовго кайра килемге чыгууга мүмкүнчүлүк жаралып, жооткотуучу беттеште казакстандык балбан Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде уткан.

Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 10 медаль болду. Бир алтын, эки күмүш, жети коло.

 

16:35, 01-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар